Сапар Исаков: Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз

22 сентября 2017 10:10 408 Barometr
Поделиться в:
ok

 «Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз, биз мындан да жакын болушубуз керек. Мен бизнестеги эң орчундуу көйгөйлөр бул жерде ачык айтылышын каалайт элем, ошондо бул маселелерди чечүүгө Өкмөт реалдуу чараларды кабыл алмак», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

 

Өкмөт башчы бизнести жүргүзүү үчүн жакшы шарттарды түзүү аркылуу кыйла динамикалуу экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүктөр пайда боло турганын баса белгиледи.

«Орто жана чакан бизнес өлкөнүн экономикасындагы негизги локомотив болуп эсептелет. Алардын ийгиликтүү иштеп жатканынан улам өлкөдө жумушчу орундары түзүлүп, мамлекеттик казынага салыктар төлөнүп, ал каражаттардын эсебинен өлкөдө жарандарга пенсия, жөлөк пул төлөнүүдө», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Евразия интеграциясынын артыкчылыктарын бизнесте колдонуу жагымдуу фактор болуп эсептелет. Буга далил катары ата мекендик азыктарды ЕАЭБдин рыногуна экспорттоонун көрсөткүчүн айтууга болот. Жети айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун өсүшү 27,1 %, ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 32,7 %түздү.

Сапар Исаков аймактарга болгон иш сапарында, жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн, казып алуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча технологияларды иштетүү жолго коюлуп, бизнес өнүгүп жатканын көргөнүн билдирди. Ал мамлекеттик бийлик органдары бул көрүнүштү сактоо үчүн бардык күч аракетин колдонот,-деп ишендирди.

Мындан сырткары Өкмөт башчы бизнес-структуралардын өкүлдөрүнө «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүн жаңы программасындагы артыкчылыктар тууралуу айтып, аны ишке ашырууда биргеликте иш алып барууга чакырды.

Тактап айтканда Сапар Исаков аталган программанын компоненттеринин бири катары жогорку технологиядагы «Таза Коом» программасын атады.

«Жогорку технологиядагы «Таза Коом» программасын ишке ашыруу менен биз мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөй алабыз. Бул абдан маанилүү тармак, анткени үнөмдөлгөн каражаттарды экономиканын башка тармагына сарптап, сарамжалдуу пайдалансак болот. Ошондой эле коррупциялык көрунүштөрдү жоюу максатында биз документтерди кабыл алууда адамдык факторлорду азайтып жатабыз. Бул сыяктуу тейлөөлөрдүн бардыгы электрондоштурулат», – деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр аймактарды интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында Өкмөт Дүйнөлүк Банк менен «Digital Casa» долбоорунун алкагында 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында ошондой эле салык органдарында коомдук фонд камсыздандыруу төлөмдөрүнүн башкаруу, зергер өнөр жай жана таш иштетүү секторун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыгы талкууланды.

Соңунда бир катар өлкөнүн мамлекеттик органдарына Кеңештин жыйынтыгындагы кабыл алынган чечимдерди жана сунуштарды ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6588



Добавить комментарий