Министрлик Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусу боюнча Казакстанга нааразылык нотасын жөнөттү

20 сентября 2017 14:21 377 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандагы Казакстандын убактылуу  ишенимдүү өкүлү Р. Карибжанов  19-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президентике талапкерлеринин бири Алмата шаарында жолугушкандыгы боюнча Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Казакстан тарапка нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен КРнын президентикке талапкерлеринин бири жолугушканына жана бул талапкерге колдоо көрсөтөрүн билдиргенине түшүнбөй жатканын билдирет. Достук Казакстандын мамлекет башчысы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү айтса да  казак тараптын пикири чагылдырылган. Кыргызстан бул аракетти Кыргызстандагы шайлоого таасир берүү аракети катары баалайт”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

 Эскерте кетсек, 19-сентябрда Казакстандын президентинин расмий сайты «Республика - Ата-Журт»  фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен Назарбаевдин жолугушканын маалымдаган. Жолугушуу Алмата шаарында өткөн.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6500



Добавить комментарий