Ашхабаддагы Азия оюндары: Кыргызстан алгачкы алтын медалын алды

19 сентября 2017 11:24 467 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев Түркмөнстандын  Ашхабад шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан  Азия оюндарында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Ал кечээ, 18-сентябрда джиу-джитсу мелдешинде 85 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

 Жарым чейрек финалда казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңген. Андан соң чейрек финалда иорданиялык Хайдар аль Рашедди утуп алгандан кийин жарым финалда түркмөнстандык Мерген Жораевди жеңген. Алтын байге үчүн беттеште Бириккен Араб Эмиратынын келген спортчусу Халфан Балхол менен беттешип, жыйынтыгында Азия чемпиону болду.

Бул алтын медаль менен Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстан курама командасында алгачкы алтыны, буга чейин спортчулар 4 коло, 1 күмүш тагынганга жетишкен.

V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6424



Добавить комментарий