Ашхабад-2017: Ариет Бекишов коло медаль утту
Поделиться в:
Кыргызстандык спортчу Ариет Бекишев Азия оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы медалды жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында 16-сентябрда джиу-джитсу боюнча мелдеш башталган.
62 килограммга чейинки категорияда күч сынашкан Ариет Бекишов Таиланддан келген WONGKUNA Nantapong менен беттешкен.
Финалда афганистандык SAFARI Hussain Bakhsh менен чыккан спортчу упай боюнча утулуп, үчүнчү орунду ээледи.
18-сентябрда аталган оюндун «не-ваза» дисциплинасы боюнча Кыргызстандан дагы 6 спортчу мелдешке чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6396
Добавить комментарий ×