Казакстанда 2018-жыл Өзбекстан жылы деп жарыяланды
Бул тууралуу Өзбекстан менен Казакстан президенттеринин Ташкенттеги биргелешкен маалымат жыйыны маалында айтылды. 16-сентябрда казак лидери Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапары менен Ташкентке барган.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө, тараптар эки өлкө ортосундагы мамиленин жаңы этабы башталганын, бардык стратегиялык маселелерде бир пикирде экенин көрсөтүшкөнүн белгилешти.
- Биздин маданий-гуманитардык байланыштар эки өлкө ортосундагы достук мамиленин маанилүү фактору. Биз 2018-жылы Казакстанда Өзбекстан жылын өткөрүүнү макулдаштык. Казакстан жылын Өзбекстанда өткөрүү да күн тартибинде. Мунун алкагында биздин бир тууган элдердин биримдигинин бекемделишине шарт түзгөн түрдүү иш-чаралар өтөт, - деди Назарбаев.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Өзбекстандагы Казакстан жылы 2019-жылы өтө турганын кабарлашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content6379
Добавить комментарий ×