ФОТОРЕПОРТАЖ – Сооронбай Жээнбеков нарындыктарды Нарын шаарынын күнү менен куттуктады

16 сентября 2017 23:26 776 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын областына болгон агитациялык иш-чарасынын алкагында бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, аларды Нарын шаарынын күнү менен куттуктады.

Ал белгилегендей, Нарын шаарынын эл аралык логистикалык борборго айлануу мүмкүнчүлүгү пайда болуп отурат, анткени бул шаар 19-кылымдан бери Кашкарга, Кытайга кеткен соода жолунда жайгашкан чеп болгон жана стратегиялык чоң роль ойногон. Бишкек-Нарын-Торугарт транзиттик автожолу оңдолгондон кийин Нарынга 4 сааттын ичинде жетүүгө мүмкүн болду.

Сооронбай Жээнбеков шаардын өнүгүүсүнө потенциал жетиштүү экенин белгилеп, мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Сооронбай Жээнбековдун Нарын шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусу майрамдык концерт менен аяктады.

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.

Ссылка: https://barometr.kg/content6357



Добавить комментарий