Премьер-министр Сапар Исаков ата мекендик спортчуларды V Азия оюндарына узатты

16 сентября 2017 14:18 446 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 15-сентябрда, Кыргызстандын атынан жабык аянтта өтө турган V Азия оюндарына катышуучу ата мекендик спортчуларды узатуу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Өкмөт башчы эл аралык спорттук мелдештерде өлкөнүн намысын коргогон ата мекендик спортчулар менен сыймыктана турганын билдирди.

«Силер биздин жаркын келечегибиз болуп эсептелесиңер. Өзүңөрдүн ийгилигиңер менен өлкөнүн өнүгүүсүн көрсөтүп жатасыңар. Жыл өткөн сайын силердин жетишкендигиңер мыкты деңгээлге көтөрүлүп, араңардан дүйнө чемпиондору чыгарына ишенем», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Өкмөт ата мекендик спортту өнүктүрүүгө жана спортчуларга жагымдуу шарттарды түзүүгө максималдуу аракеттерди көрөрүн  баса белгиледи.

Мындан сырткары Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Презинденти Алмазбек Атамбаевдин колдоо сөзүн айтты.

Өз кезегинде Сапар Исаков ата мекендик спортчуларга бекем ден-соолук, жана мелдештерде мыкты жетишкендиктерди каалап, Кыргыз Республикасынын желегин улуттук курама команданын капитаны Калы Сулаймановго салтанаттуу түрдө тапшырды.

Калы Сулайманов Өкмөт башчысына алдыдагы боло турган мелдеште улуттук курама команда жогорку деңгээлдеги ийгиликтерге жетүү үчүн болгон күчүн жумшаарына ишендирди.

Жабык аянтта боло турган V Азиа оюндары 17-27-сентябрда Түркменистандын Ашхабад шаарында өтөт. Кыргызстандын курама командасына кирген 153 спортчу, спорттун 17 түрү боюнча мелдешет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6347



Добавить комментарий