Премьер-министр 2018-жылга бюджет боюнча бир катар көрсөтмөлөрүн берди

15 сентября 2017 13:57 461 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 14-сентябрда, 2018-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу тууралуу жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Өкмөт башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кийинки жылга карата “Таза-Коом” сыяктуу программаларды жүзөгө ашыруу максатында Өкмөттүн кабыл алынган милдеттемелерине ылайык пенсиялардын базалык бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө, жөлөк пулду жогорулатууну, мамлекеттик жана коммуналдык кызматкерлердин, күч түзүмдөрү кызматкерлеринин эмгек акысын бажы жана салык төлөмдөрү аркылуу кошумча кирешенин негизинде көбөйтүүнү тапшырды.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, республикалык бюджеттин кирешелери мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен 2018-жылы 135,0 млрд. сом суммасы каралат же ИДПга карата 25,1% өлчөмүндө берилет.  2017 жылдын бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелер 6,5% га көбөйөт же сом менен 8,2 млрд. түзөт.

2018-жылга карата республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү белгиленген 157,6 млрд сомду же ИДПга карата 29,3% түзөт, 2017-жылдын бекитилген бюджеттинен 7,5 млрд. сомго көп (150,1 млрд. сом).

“Артыкчылыксыз чыгымдарды азайтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана жолдорду карап чыгуу жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатуу керек. Каржы министри мамлекеттик органдардын чыгымдарын оптималдаштыруусу зарыл”,- деп баса белгиледи Сапар Исаков.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6309



Добавить комментарий