Ата-энеси эгиз балдарын ыйлашкандыгы үчүн өлтүрүп, сөөктөрүн муздаткычка сактап алышкан

14 сентября 2017 14:31 6047 Barometr
Поделиться в:
ok

 Алматада  адамды шок кылган кылмыш катталды. Ата-энеси бир жаштан бир аз өткөн эгиз баласын аларды тажатып жиберди деп өлтүрүшүп, андан кийин алардын денесин муздаткычка салып койгон. Бул тууралуу Today.kz укук коргоо органдарына шилтеме кылып кабарлады.

Басылма билдиргендей, эгиздердин апасы 1983-жылу туулган Казакстандын жараны. Анын жарандык никеде жашаган күйөөсү 1988-жылы туулган Өзбекстандын жараны.

 “12-сентябрда түштөн кийин криминалдык полициянын кызматкерлери аялды жана анын жолдошун кармады. Алар экөө тең мас абалда болгон. Бир аз кызуусу тарагандан кийин алар балдар тажатпасын деп өлтүрүшкөнүн айтышкан. Балдар дайыма ыйлап тынчын ала беришкен. Айрыкча жумуштан алар чарчап келгенден кийин ыйлашкан”,-деп кабарлашты укук коргоо органдарынан.

Алар ижарага алган батирдин муздаткычында балдардын денеси үч-төрт күндөй сакталган. Алардын кантип өлтүрүшкөнүн судмедэкспертиза аныктап жатат.

 “Ошол эле күнү полицияга өзү тууралуу айта албаган бала түшкөнү кабарланган. Аны ооруканага алып барышкан, Текшерге келгенде ал аталган үй-бүлөнүн улуу баласы болуп чыкты”,-деп маалымдашты полициялар.

Маалыматка караганда бул үй-бүлө балдарын өлтүрүп кийин изин жашыруу масатанда атайын ижарга батир жалдашкан. Балдарды эркек киши өлтүрүп бирок аялы буга макулдук бергени айтылууда.

Учурда алар камакта.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6274



Добавить комментарий