Сапар Исаков тоо-кен тармагында эмгектенген аксакалдар менен кеңешти

8 сентября 2017 09:59 349 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 7-сентябрда, тоо-кен тармагында эмгектенген аксакалдар Орозбек Дүйшеев, Маркел Ибраев жана Дүйшөн Кыргызбаев менен кезигишти. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр өлкөнүн жаңы Өкмөтүнүн «Кумтөр» кенинин аймагындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы экологияга байланыштуу соттук талашты жөнгө салуу боюнча пландарды айтып өттү.

Сапар Исаков бул маселеде өкмөттүк түзүмдөргө тоо-кен тармагындагы адистердин жана ардагерлердин пикири, колдоосу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Өкмөт башчы маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жыл сайын чегерилчү экологиялык төлөмдүн көлөмү 310 миң АКШ доллардан 3 млн. АКШ долларына чейин жогорулатууга жетишилди.

Сапар Исаков ошондой эле рекультивация боюнча ишеним фондундагы каражаттар Улуу Британиядан Кыргыз Республикасынын каржы мекемелерине которулат. Аны менен бирге фонддун эсеби жыл сайын 6 млн. АКШ доллардан кендин толук жабылгандан кийинки рекультивация иштерине жумшалчу суммага чейин толтурулуп турат (бирок 69 млн. АКШ долларынан кем эмес).

Мындан сырткары «Центерра Голд Инк» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого жумшалчу жаңы түзүлүп жаткан фондго 50 млн. АКШ долларын бөлүүгө даяр. Ал каражатты биринчи кезекте Ысык-Көлдүн айланасындагы саркынды курулмаларды модернизациялоого жана заманбап тазалоочу курулмаларды курууга жумшалат.

Социалдык колдоо көрсөтүү максатында 10 млн. АКШ доллары республикалык онкологиялык борборду модернизациялоого жана жабдыктар менен камсыз кылууга бөлүнөт.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, тараптар Кыргыз Республикасындагы жана Стокгольм шаарындагы (Швеция) эл аралык арбитраждагы экологиялык соттук доолорду толук жөнгө салуу боюнча келишим жетишилди.

Ошондой эле Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында 5-сентябрда маалымат берүүдөн соң бир күндө «Центерра Голд Инк» компаниясынын активдери 148 млн. АКШ долларына чейин өскөн жана Кыргыз Республикасынын үлүшү 50 млн. АКШ долларына чейин жогорулаган.

Тоо-кен тармагынын ардагерлери Орозбек Дүйшеев, Маркел Ибраев жана Дүйшөн Кыргызбаев жаңы Өкмөт түзүмүнүн «Центерра Голд Инк» компаниясы менен бар болгон маселелерди чечүүгө конструктивдүү мамилени түзүп жаткандыгы боюнча аракетин жогору баалашып, Өкмөттүн бул кадамдарын колдой тургандыктарын билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө канадалык инвесторлор менен мындан кийинки сүйлөшүү процесси тууралуу пикир алышуу болду.

Мындан сырткары аксакалдар өлкөдө геологиялык чалгындоо иштеринин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, илимий борбор түзүү, тоо инженери жана геология адистиги боюнча жаштарды окутуп, колдоо ошондой эле бул тармактагы кадр саясатын түзүү зарылчылыгын айтышты.

Кезигүүнүн соңунда Премьер-министр Сапар Исаков тажрыйбалуу адистер менен мындан ары иштешүүгө даяр экендигин белгилеп, Орозбек Дүйшеев, Маркел Ибраев жана Дүйшөн Кыргызбаев аксакалдардын тоо-кен тармагы боюнча сунуштарын карап чыгууну тапшырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6006



Добавить комментарий