Муфтият Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

7 сентября 2017 08:32 604 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүдө мындай деп айтылат:

"Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу өтө чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчыздануусун билдирет жана тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырык жасайт.

Ыйык Курани Каримдин Маида сүрөсүнүн 32 аятында: «Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете»,-деп айтылат.

Ыйык Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат",-деп жазылат муфтият тараткан билдирүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5938



Добавить комментарий