Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары расмий жолугушууга бирдей туфли кийип чыгышты

5 сентября 2017 17:55 4892 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин расмий жолугушуусунда эки өлкөнүн биринчи айымдары бирдей туфли кийип чыгышты.

 Эки айым тең бир караганда окшош агыш түстүү, бийик такалуу туфли кийишкен.

 “Эгерде жакшылап караса алардын бир аз айырмасы тактап айтканда туфлинин баштары айырмаланат. Калганы оппокшош”,-деп билдиришти Barometr.kgге салтанаттын катышуучулары.

 Белгилей кетсек, протокол боюнча эки бирдей туфли кийүүгө тыюу салынган эмес.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген.

Эки мамлекеттин башчылары "Ала-Арча" резиденциясында жолугушту.

Фотонун автору Роман Гайнанов, сүрөт kabar.kg сайтынан алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/content5878



Добавить комментарий