Өкмөт башчы “Кыргызтелеком” ААК директорлор кеңешинин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди

5 сентября 2017 10:41 512 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кечээ, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков менен жумушчу жолугушуу учурунда берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

“Кыргызтелекомдун” чарбалык-каржы иши ушул кезге чейин тунук эмес. Акыркы убакта паракорчулук факторлорун жоюуга жетише алган жок. Ушуга байланыштуу, тез арада директорлор кеңешинин жана башкармасынын курамын кайра карап чыгып, ошол эле учурда азыркы “Кыргызтелекомдун” жетекчилигинин ишинде кетирилген каталары үчүн, анын ичинде начар жыйынтыктагы кымбат эмес жана жогорку ылдамдыктагы Интернет менен республиканын калкын камсыз кылуу жоопкерчилигин кайра карап чыгуусу зарылдыгын Премьер-министр Сапар Исаков баса белгилеп кетти.

Премьер-министр компаниянын жетекчилигине жогорку кесипкөй жана өз ишин мыкты билген, ошондой эле таза аброю менен адистерди тартуусун буйрук берди.

“Өлкөнүн телекоммуникация чөйрөсүн жакшыртпасак, “Таза Коом” долбоорун натыйжалуу жана ыкчам ишке ашыра албайбыз “, – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Ссылка: https://barometr.kg/content5846



Добавить комментарий