Кытайда БРИКС саммити өтүүдө

4 сентября 2017 15:25 392 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай президенти Си Цзиньпин БРИКС өлкөлөрүн дүйнөдөгү эркин соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарга каршы күрөшүүгө чакырды. Саммит өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сямэнь шаарында өтүүдө.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Байкоочулар Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Орусия президенти Владимир Путиндин кулуардагы иш-чараларына өзгөчө көңүл бурушууда. Мамлекеттик Xinhua агенттиги Кытай менен Орусия лидерлери Түндүк Кореядагы өзөктүк сыноолорго байланыштуу абалдын курчушун талкуулашканын маалымдады.

Си Цзиньпин менен Владимир Путин Пхеньяндын аракеттерин кескин сынга алып, Корей жарым аралын өзөктүк куралдандыруудан арылтууну жакташып, ракеталык сыноолорго реакция жасоо үчүн тыгыз байланышта болуп турууга макулдашты.

Айрым байкоочулар Пхеньян БРИКС саммитинин алдында ракеталык сыноолорду өткөрүү менен кытай лидеринин кыжырына тийгенин белгилешүүдө. Кытай Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү жана экономикалык демөөрчүсү болуп эсептелет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5824



Добавить комментарий