Конституциялык палатанын экс-судьясы: 26 жаштагы Самара Каримовага мыйзамсыз сыйлык беришти

4 сентября 2017 12:04 24034 Barometr
Поделиться в:
ok

Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова ырчы, 26 жаштагы Самара Каримованын “КРдин эмгек сиңирген артистти” деген наам алышына нааразылык билдирди. 

Сооронкулова “КРдин мамлекеттик сыйлыктар тууралуу” мыйзамына ылайык мындай наам маданият жана исскуство тармагында 15 жылдан кем эмес иштегендерге бериле турганын эскертти.   

“26 жаштагы Самара Каримова кандайча наам алып калды экен. Жакында эле жаңыдан кабыл алынган "КР мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" мыйзамынын 14 беренесине ылайык "Эмгек синирген артист" деген наам маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген жогорку кесипкөй артисттерге берилет. Жок дегенде сыйлык беруу чойросундо мыйзамдуулукту сакташса болмок. Же Самара Каримова 11 жашынан эмгеги синип келдиби? Өзүнүн айтуусунда жакында эле ырдып баштаган го”,-деп жазды Сооронкулова өзүнүн баракчасына.

Белгилей кетсек, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында наам алгандар кызуу талкуу жаратууда, алардын көбү айрым адамдар сыйлыкка татыктуу эмес болчу деп эсептешет.

 Эскерте кетсек, 30-августта президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5808



Добавить комментарий