Бишкектеги балдар аянтында жаш сойкунун сөөгү табылды
Поделиться в:
Бишкектеги балдар аянттарынын биринде жаш кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Barometr.kgге кабарлашты.
«Бүгүн эртең менен Бөкөмбаев-Усенбаев көчөлөрүндөгү үйлөрдүн бириндеги балдар аянтында кыздын сөөгү табылды”,-деп билдиришти ШИИБден.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, кыздын жашы болжол менен 25-30дар чамасында. Анын эмне болуп каза тапканы азырынча белгисиз, денесинде күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер байкалбайт.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, кыз сойкуканада иштеген. Милиция анын өздүн тактоого аракет кылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5751
Добавить комментарий ×