Ысык-Көл областында болгон жол кырсыгынан эки адам жабыркады

30 августа 2017 10:50 457 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областында болгон жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

“Ысык-Көл областынын Түп районундагы Түп-Кеген жолунун 23-чакырымында авария болуп 2 адам жабыркады”,-деп кабарлашты ӨКМдан.

 Ведомство берген маалыматка таянсак, 29-августта эртең менен Audi –A6 жана Мersedes унаалары кагылышкан.

Жабыркаган жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жеткирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content5732



Добавить комментарий