39 жаштагы жаран 10 жыл бирге жашаган аялын өлүрүп, андан соң өзүн асып салган

28 августа 2017 13:13 1218 Barometr
Поделиться в:
ok

 Базар-Коргон районунда 39 жаштагы жаран 10 жыл бирге жашаган аялын өлүрүп, андан соң өзүн асып салган. Бул тууралуу Ички итер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганла, 25-август күнү Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан Бешик-Сол айылындагы сарайлардын биринде асынып алган эркек адамдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери маркумдун үйүн текшерүү учурунда бөлмөдөн киши колдуу болуп өлгөн аялынын сөөгү табылган. Тергөө бөлүмү тарабынан соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Маалымат боюнча, жолдошу менен жубайы уруша кетишип, бычак менен жубайын төш тарапка сайып жиберген соң алган жаракатынан мерт кеткен. Андан кийин жолдошу кылган күнөөсүн сезип, сарайга барып муунуп алган. Текшерүү учурунда кылмыш ишине тиешелүү ашкана бычагы табылган.

 

“Жубайлар 10 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. Жолдошу 39 жаштагы М.А. аттуу ушул айылдын жашоочусу болгон. Ал эми 30 жаштагы Т.Э. аттуу жубайы окуя болгонго чейин Россияга иштеш үчүн билет сатып алган жана кылмыш иши болгон күндүн эртеси учуп кетмек. Тергөө маалында М.А. менен Т.Э. аттуу жубайлар биргеликте чоң там салышып, быйыл көчүп киришкени белгилүү болгон. Ортосунда эки баласы бар”, - деп айтылат билдирүүдө.

Алынган маалымат боюнча, жубайлар ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кеткенден кийин жолдошу кылмыш ишине барган. Туугандарынын айтуусунда, мурда дагы чыр-чатак көп болуп турган. Кылмыш иши болгон күнү туугандарынан эч кимиси үйдө болгон эмес. Балдары тайкелеринин үйүндө болгон.

Жогорудагы факты боюнча Базар-Коргон РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5664



Добавить комментарий