Казакстан көкпар мелдешинде биринчи орунду алды

28 августа 2017 11:41 408 Barometr
Поделиться в:
ok

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты.

Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орун ээлери 10 миллион тенге (30 миң доллардан ашуун), күмүш медалдын жеңүүчүлөрү – беш миллион, коло байгени багындыргандар – үч миллион тенге алышты.

Астанадагы көкпар оюнуна 11 өлкөнүн 200дөн ашуун улакчылары келишти. Алардын арасында АКШ, Орусия, Венгрия, Ооганстан, Түркия, Өзбекстан жана Монголия оюнчулары бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5656



Добавить комментарий