Төрөбай Зулпукаров Сапар Исаковго: Оппозициядан улам тарыхка реформатор катары киришиңиз ыктымал!

26 августа 2017 14:00 497 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кечээ, 25-августта парламенттин кезексиз жыйынында КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров премьер-министрликке талапкер болуп жаткан Сапар Исаковду парламенттин оппозициялык фракцияларына таарынбоого чакырып өттү.

 “Оппозициялык күчтөр керек. Сиз аны түшүнүп жана сынга таарынбашыңыз керек. Баары отуруп алып өкмөттү мактай берсе өнүгүү болбойт”,-деп эскертти Зулпукаров.

 Ал ошондой эле Исаковго сунуштап жаткан программанын 70 пайызын болсо дагы аткарууга күч-аракет жумшоого кеңеш берди.

“Эгерде сиз  бүгүн убада берип жаткан иштердин жок эле дегенде 70 пайызын аткара алсаңыз анда тарыхта каласыз. Эгерде ишке ашыра албасаңыз жаш кадрлардын келечегине балта чабылат. Андан кийин эч ким жаш кадрларга ишенбей калат”,-деп айтты Зулпукаров.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5637



Добавить комментарий