Көк-бөрү боюнча кыргызстандын курама командасы бүгүн Өзбекстан менен беттешет

22 августа 2017 10:29 403 Barometr
Поделиться в:
ok

Көк-бөрү боюнча кыргызстандын курама командасы Астана шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта Монголиянын командасын жеңди.

Кыргызстандын командасы эсепти 6 мүнөттө ачты. Биринчи тайм 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, экинчи таймдын жыйынтыгында команда Монголияны 4:0 эсебинде утту.

 Бүгүн 22-августта кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен беттешет.

Эскерте кетсек кечээ, 21-августта Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук командасы дүйнөлүк чемпионатка катышуудан баш тарткан, анткени иш-чаранын уюштуруучулары аттардын арткы бутунан такаларды алып салууну талап кылган. КРнын көк бөрү фендерациясынан кабарлашандай, Кыргызстандын курамасынын жетекчилиги мындан баш тартып Монголия менен беттешке чыккан эмес. Судьялар муну команданын техникалык жеңилиши деп эсептеп, упайды 0:7 эсебинде Монголияга ыйгарды. Ошол маалда экинчи турга така менен чыгууга уруксат беришкен.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5442



Добавить комментарий