Абулгазиев: Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды

19 августа 2017 13:17 363 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 18-августта, JDS долбоорунун 11 топтогу стипендиаттары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Япония мамлекетине кетип жаткан кезектеги жаш мамлекеттик кызматкерлерди узатып жатып, аларга эки жыл аралыгында татыктуу билим алып, аны кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн жумшоосуна багыт берди.

«Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды. Бул долбоор 2007-жылдан тартып жүзөгө ашырылып келе жатат жана бүгүнкү күнгө карата JDS долбоорунун стипендиаттарынын он биринчи тобу түзүлдү. Кыргыз Республикасынын кадрларын даярдоодо Япония Өкмөтүнүн колдоосун биз жогору баалайбыз, ушундан улам Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ямамура Есихиро сөз сүйлөп, Япония Кыргызстанга билим берүү тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эскерте кетсек бүгүнкү күндө чейин JDS долбоору боюнча 161 кыргыз стипендианттары билим алышкан. Алардын эки жылдык окуусунан сырткары бардык чыгымдары Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5390



Добавить комментарий