Бишкектин борборунда болгон авариядан мотоциклист каза тапты

19 августа 2017 12:53 478 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин борборунда болгон жол кырсыгында мотоциклист каза тапты. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

 Бүгүн, 19-августта болжол менен саат түнкү 1.30да сүйлөшкөн кызы менен бара жаткан мотоциклист Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишкен жеринде Toyota Passo унаасы менен кагылышкан.

Ал окуя болгон жерде жан берди. Жеңил унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылды. Кыздын абалы тууралуу маалымат азырынча белгисиз. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5387



Добавить комментарий