БТА Банктын экс-менеджери акчаны Мамайга бергенин билдирди

19 августа 2017 12:48 366 Barometr
Поделиться в:
ok

Алматыда бийликке карата сын айтып келгендиги менен белгилүү журналист Жанболат Мамайдын соту уланууда. Ал БТА Банктан уурдалган делген акчаларды адалдоого айыпталууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редактору Жанболат Мамайдын иши боюнча сотто БТА Банктын башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Жаксылык Жаримбетов күбө катары көрсөтмө берүүдө.

Соттун жүрүшүндө ал акчаларды Мамайга бергенин билдирди. Айтымында, Мамай менен аны БТА Банктын мурдагы башчысы, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов 2011-жылы тааныштырган. Банктын экс-менеджери өлкөгө көз карандысыз басылма керек деген ойдо Мамайга жардам берип жүргөнүн кошумчалады.

Июнда Алматы сотунун чечими менен Жаримбетов Мухтар Аблязовго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында шарттуу мөөнөткө кесилген. Январда ал Түркиядан Казакстанга экстрадицияланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамайдын казак олигархы Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген акчалардын изин жашырууга тиешеси бар. Өз кезегинде Мамай Аблязов менен байланышы бар экенин четке кагып, ага карата кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирип келет.

     

Ссылка: https://barometr.kg/content5386



Добавить комментарий