Сапар Исаковду техникалык премьер-министрдин кызматына сунушташат

18 августа 2017 14:55 403 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандын техникалык премьер-министри президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков болушу ыктымал.

 barometr.kgге жеке булактардан кабарлашкандай, жаңы өкмөттүн курамын өзгөртпөө сунушталды.

Маектештин айтымында, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу 21-августта өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий токтотот жана КСДП Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка сунуштайт. Андан кийин парламент добуш берүү менен  бул тууралуу маселени чечет.

Жаңы өкмөт техникалык болот, тактап айтканда анын миссиясы-шайлоо өткөрүп, андан кийин жаңы өкмөттү түзүү.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/content5364



Добавить комментарий