Адилет Иликбеков: Сойкулар азайган жок. Бишкекте жана Чүйдө 3 765 аял каттоодо турат

18 августа 2017 11:09 872 Barometr
Поделиться в:
ok

 Чүй областында жана Бишкек шаарында сойкулук менен алектенген 3 765 аял каттоодо турат. Бул тууралуу Barometr.kgге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук нравалуулукка каршы кылмыштарга жана адам сатуу менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы, милициянын подполковниги Адилет Иликбеков билдирди.

 Анын айтымында, коммерциялык сексте иштегендердин орточо курагы 18 жаштан 30 жашка чейин, алардын көбү Бишкекке аймактардан келгендер.

“Жылдын башынан бери сойкулукту аныктоо жана эскертүү берүү боюнча алты рейд өткөрдүк”,-деп айтты бөлүм башчы. Кыздарды көчөдөн жана үйдүн тургундарынын кабарлоосу боюнча суткалык батирлерден кармашат.

 Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

“Аларды каттоого алабыз, көбүнүн ал тургай документтери жок. Ал эми сойкулук үчүн соттун чечими менен 1500 сом айып салынат жана кое берилет”,-деп маалымдады ал.

 Иликбеков бөлүм түзүлгөнгө чейин жашы жете электер дагы каттоодо турганын белгиледи. “Азыр катоодо жок, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,-деп ишендирди ал.

Ошондой эле подполковник алардын саны азайбаганын кошумчалап өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5349



Добавить комментарий