Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарыш үчүн сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти

16 августа 2017 16:21 345 Barometr
Поделиться в:
ok

 Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата өкүм чыгарыш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

 Ага чейин сот тараптардын жарыш сөзүн уккан. Ошондой эле Текебаев  менен Чотоновго акыркы сөз берилген.

 Чотонов: “Менин күнөөм далилденген жок, бизге карата кылмыш иши саясий заказ”,-деп билдирди. 

Текебаев: “Маевский менен 2010-жылы 13-майда жолуккан эмесмин. Болгону 2010-жылы 24-августта “Супара” ресторанында жолугушуу болгон, ал Кремлдеги маанилүү адамдарды тааный турганы айтып мактанган”,-деп айтты.   

Мамлекеттик айыптоо Текебаевди 10 жыл, Чотоновду 8 жыл эркине ажыратууну сурап жатат.  

Жактоочулар Текебаев менен Чотоновду актоону сурап жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5272



Добавить комментарий