Теледе айтылган «нацизм» сөзү үчүн кылмыш иши козголду

16 августа 2017 11:13 433 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Актөбө облусунда жергиликтүү телеканалдын сюжетинде айтылган «нацизм» сөзү боюнча кылмыш иши козголду. Бул Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Жергиликтүү «Рика» телеканалында эстеликтерге жаштардын көңүлүн бурууга арналган акция тууралуу сюжет 18-майда көрсөтүлгөн. Казакстандык интернет колдонуучулардын арасында анын аягында айтылган сөздөр катуу талкууга алынган. Журналист менен болгон маегинде Тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча облустук инспекциянын кызматкери Фархат Досмуратов теманы орус тилдүү аудиторияга түшүндүрүүгө кызыкдар эмес экенин айткан. Жооп катары журалист «Бул сиз тараптан „нацизм“ болуп калып жатпайбы?», деп сураган.

Полициядан билдиришкендей, кылмыш иши факты боюнча козголду, бирок бир катар жергиликтүү коомдук бирикмелердин жетекчилери телекомпанияны жоопко тартууну талап кылышууда. Облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Илек райондук полиция бөлүмү тарабынан «кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок эфирде көрсөтүлгөн репортаж боюнча филологиялык экспертиза Шымкент шаарында өтө тургандыгы айтылууда. Полиция бул чечимин Актөбөдө мындай экспертизаны өткөрүү мүмкүндүгү жок экендиги менен түшүндүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5242



Добавить комментарий