Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багы ачылды

14 августа 2017 17:31 742 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышып, эс алып кайтышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров көп жылдар бою кароосуз калган жай шаардын көйгөйлөрүнүн катарында болгондугун, бирок учурда кооз жайга алангандыгын билдирип, эс алуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

“Элге кызмат кылып, шаардын көркүнө көрк кошуу аракетин көргөн патриот жигиттерибиздин бири дал ушул жайды гүлдөтүп, шаардыктар үчүн бир маанилүү эс алуу жайларына айландырам деген эле, бүгүн тилеги ишке ашып сүйүү багына айланып олтурат. Мындан көп жыл мурун башка жеке ишкерлер алып, бирок кароосуз калып кеткен. Биз алардын келишимин четке кагып, башка инвесторго 5 жылдык мөөнөт менен бердик. Учурда “Сүйүү” багы Ош шаарындагы эң көрүнүктүү эс алуучу жайларынын катарын толуктап жатат”, - деди З.Аскаров.

Ал эми эс алуу жайдын жетекчиси Ульфат Досбаева 2 жыл бою өз колу менен эс алуу жайды жашылдандырып, көрктөндүрүп, 15 миллион сомго жакын акча каражатын жумшагандыгын билдирди. Ошондой эле, жалпы адам баласы бактылуу болсун деп бактын айланасын сүйүү дизайнында жасалгалаган.

Алыскы Кара-Суу районунан келген Акмөөр Артыкова балдары жана бир туугандары менен сүйүү багынын ачылышына атайын келгендигин айтып, Ош шаары гүлдөп өнүгүп жаткандыгы кубандырып, жетекчилерге, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ачылуу аземи эстара жылдыздарынын, фольклордук топтордун концерттик программасы менен коштолуп

Белгилей кетсек, аталган жай мурун “Жаштык” деп аталчу, реконструкциядан соң, сүйүү багына айланды. Оргумалар (фонтан) калыбына келип, жаш көчөттөр отургузулуп, гүлдөр менен кооздолгон эс алуу жайы баардык шаардыктарды күтөт.

 

 

   

  

Ссылка: https://barometr.kg/content5182



Добавить комментарий