Ысык-Көлдөн баңгизат ташыган топ кармалды

14 августа 2017 14:27 347 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери 16 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн ысык-көлдүк эки жигитти кармашты. Бул тууралуу Ички иштер минисрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун жарандарынан турган кылмыштуу тобун кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан.

12-августта милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында “Бишкек-Торугарт” жолунан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Автоунаанын ичин текшерүү учурунда Ысык-Көл облусунун жарандарына тиешелүү болгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү суюктук куюлган эки канистр табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган заттын жалпы салмагы 16 килограммдан ашык “гашиш майы” экендиги аныкталган.

«Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5170



Добавить комментарий