АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы тиреш биржалардын төмөндөшүнө алып келди

12 августа 2017 11:45 508 Barometr
Поделиться в:
ok

Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореянын аскердик-дипломатиялык тирешүүсү күчөп жаткан маалда Нью-Йорк биржасы үчүнчү күн катары менен төмөндөөдө. Бейшембиде алдыңкы "Доу-Жонс" индекси акыркы үч айдын ичиндеги эң ири — 0,93 пайызга төмөндөөгө дуушар болду.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Биржа катышуучуларын президент Трамптын Твиттердеги Пхеньянга жолдонгон эскертүүсү катуу тынчыздандырды.

Ал ортодо бейшембиде Brent маркасындагы бензиндин баасы бир баррели үчүн 52 доллар 54 центке чейин төмөндөдү. Буга ОПЕК мүчөлөрүнүн июлда мунай иштетүү көлөмүн көбөйтүүсү жана Орусиянын иштеп жаткан мунай кендериндеги казуу иштерин күчөтө тургандыгы боюнча билдирүүсү себеп болду. ОПЕК өз чечимин 2018-жылы дүйнөдө мунайга болгон суроо-талаптын жогорулай тургандыгы жөнүндөгү божомолдоолор менен түшүндүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content5120



Добавить комментарий