Кыргызстандык ажылардын алгачкы зыяраттары башталды

9 августа 2017 14:16 366 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына келишип, Пайгамбарыбыз (с.а.в) мечитинин жанындагы «Grand Mercure» мейманканасына жайгашышып, ажылыктын алгачкы зыяраттарын башташты. Бул тууралуу жеринде КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов билдирди.

«Учурда Бишкек шаарынан 7-августта Бишкек-Медина багыты боюнча учуп келишкен Кыргызстандык ажылардын алгачкы каттамын тосуп алып, Медина шаарындагы «Grand Mercure» мейманканасына жайгаштырдык. Ажыларыбыз жайгашкан мейманкана Пайгамбарыбыз (с.а.в) мечитинен 20 метр алыштыкта жайгашкан. Ажыларыбыздын саламаттыгы жана ал абалдары абдан жакшы»,-деди  Равшан ажы Эратов.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Кыргызстанга Сауд Араб Падышачылыгы 4585 квота бөлгөн. Бүгүн, 8-августта Кыргызстандык ажылардын 2 тобу Медина шаарына учуп кетишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5000



Добавить комментарий