АКШ Орусиянын дипломаттарды чыгаруусуна 1-сентябрга чейин жооп кайтарат

8 августа 2017 12:04 372 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын башкы дипломаты Москванын Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кыскартуу чечимине АКШ өкмөтү 1-сентябрга чейин жооп кайтарууну караштырып жатканын эскерткен. Ошол эле учурда Тиллерсон бир маселеден улам бардык байланыштарды токтотуп коюу болбостугун, Вашингтон Москва менен иштешүүнү каалаарын белгилеген. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго Орусиянын Америка шайлоосуна аралашканы эки өлкөнүн ортосундагы ишенбөөчүлүккө жол ачканын айтты. Тиллерсон бул тууралуу орусиялык кесиптеши менен сүйлөшкөндөн кийин 7-августта Маниладагы регионалдык форумда билдирди.

АКШнын бир катар мекемелери Орусия былтыр ноябрь айындагы президенттик шайлоого киберчабуулдар аркылуу кийлигишкен деп эсептешет. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет.

Өткөн аптада АКШ президенти Доналд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон. Москва буга жооп катары АКШнын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген 755 кызматкерди кыскартууну чечкен.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4948



Добавить комментарий