Назарбаев: Орусияга каршы санкциялар Казакстанга таасирин тийгизиши мүмкүн

8 августа 2017 11:18 379 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эмгек өргүүдөн кайтып келип, премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда Назарбаев Батыштын Орусияга каршы санкциялары Казакстандын экономикасына таасирин тийгизиши ыктымал экенин билдирип, өкмөттү “кызуу” иштөөгө чакырды.

-Өкмөт кызуу иштеп жатат деп эсептейм. Мен жылды жакшы натыйжалар менен аяктоо үчүн баарыңарды уюшкандык менен иштөөгө чакырам. Тобокелчиликтер бар. Энергия жана чийки затка болгон баалар өзгөрүүдө. Балким, Батыштын Орусияга каршы санкциялары таасир этүүсү ыктымал. Ошону эске алуу керек,- деди Назарбаев.

Орусияга каршы санкциялардын экинчи топтомуна АКШ президенти Дональд Трамп 2-августта кол койгон. Ушул эле күнү Казакстанда доллардын наркы жогорулаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4944



Добавить комментарий