Ички иштер министрлигинде 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

4 августа 2017 16:56 470 Barometr
Поделиться в:
ok

 Ички иштер министрлигинде 6 өз алдынча кызмат түзүлдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо тутумун реформалоо чаралары тууралуу” жарлыгын, Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги №220 “Ички иштер органдарын реформалоо чаралары тууралуу” токтомун аткаруу жана жарандардын укугун, эркиндигин мыйзам чегинде камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында түзүлдү.

 

1. Криминалдык милиция кызматы;

2. Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы;

3. Ички иликтөө кызматы;

4. Тергөө кызматы;

5. Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматы;

6. Коомдук коопсуздук кызматы.

Аталган кызматтардын башчылары болуп төмөнкү кызматкерлер дайындалды:

Криминалдык милиция кызматынын башчысы-милициянын полковниги Болпонов Нурмат Жумабекович;

Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы-милициянын полковниги Араев Азамат Муратович;

Ички иликтөө кызматынын башчысы-милициянын полковниги Кочербаев Скандарбек Анатольевич;

Тергөө кызматынын башчысы-милициянын полковниги Үмөталиев Талантбек Жедигерович;

Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматынын башчысы-милициянын полковниги Бийбосунов Улан Мелсович;

Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы-милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4841



Добавить комментарий