Трамп «грин-карта» берүү эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады

4 августа 2017 12:03 525 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп «грин-карта» алуу эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Мамлекет башчы эки сенатор менен бирге The RAISE деп аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда Кошмо Штаттарда жашап туруу укугун берүүдөгү лотереяларды жоюу сунушталган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Трамп тарабынан сунушталган системага ылайык, «грин-карта» алуу үчүн кезекке турууда англис тилин жогорку деңгээлде билген, жакшы кирешеге ээ жана АКШда суроо-талапка ээ адистиги бар мигранттарга артыкчылык берилет.

Президент учурдагы системаны сынга алды. Айтымында, ал АКШга «кирешеси аз мигранттардын» келип, өлкөдөн социалдык жөлөкпулдарды алуусуна шарт түзүп берүүдө.

АКШда жашоо укугун берген документтерди алуу боюнча учурдагы система 1990-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, "грин-карта" лотереялардын жыйынтыгы боюнча берилет. Ага АКШга миграциялык агымы аз болгон өлкөлөрдүн жашоочулары катышат. Жыл сайын бул система боюнча өлкөдө жашап туруу жана иштөө укугуна 50 миңге жакын киши ээ болот.

 

   

Ссылка: https://barometr.kg/content4809



Добавить комментарий