Медведев: "Орусияга соода согушу жарыяланды"

3 августа 2017 12:07 489 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремль америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

“Орусияга толугу менен соода согушу жарыяланды”,– деди Медведев. Ал санкциялык режим он жылдап сакталарын билдирди. АКШ президенти санкцияны Конгресстин макулдугусуз жокко чыгара албагандыктан, Москва менен Вашингтондун мамилеси курч болорун айтты.

Буга чейин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы санкциялары “де-факто эч нерсени өзгөртпөйт” деп айткан.

2-августта АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга карата жаңы санцияларды киргизген. Тиешелүү мыйзам долбоорун АКШ Сенаты жактырган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4758



Добавить комментарий