Металлургдар менен шахтерлор айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда

2 августа 2017 13:16 392 Barometr
Поделиться в:
ok

Караганда облусунун «Арселор Миттал Темиртау» компаниясында иштеген металлургдар жана шахтерлор 1-августта айлык маянанын жогорулатуу зарылдыгын айтып чыгышты. Алар талаптарын эмгек жамааттын конференциясында билдиришти.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Конференциянын катышуучулары маянаны кеминде 30 % көтөрүү керек деп эсептешет. Компанияда иштеген көптөгөн жумушчулардын айлыгы 100 миң теңгеге ($300) жетпейт.

Өлкөдөгү кырдаал бизди дайыма стресс абалында жүрүүгө мажбурлоодо, баары кымбаттап жатат. Биздин маянабыз тамак-ашка жана коммуналдык төлөмдөргө гана жетет. Бизди уккула! Айлыгыбызды көтөргүлө! – деди жумушчулардын бири Светлана Фишер.

Конференция катышуучулары металлургиялык комбинаттан жана шахтадан ишбилги адистер Орусияга кетип жатышканын, себеби ал жакта маяна көп экенин айтышты. Айлыкты жогорулатуу талабы быйыл жазында эле көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилген эмес.

Кесиптик кошуун өкүлдөрү бардык талаптар компания жетекчилигине жазуу түрүндө жөнөтүлөрүн, эгер көйгөй чечилбесе, иш таштоого барышарын эскертишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4707



Добавить комментарий