Кылмыштуу топтун мүчөсүнүн аялы героин менен кармалды

28 июля 2017 11:27 454 Barometr
Поделиться в:
ok

 Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөсүнүн аялы героин менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнын кызматкерлери “Наби барыга” лакап аты менен белгилүү болгон кылмыштуу уюшкан топтун мүчөсүнүн аялы героин баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кармалган.

Соттун чечими менен Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин текшерүү маалында 1972-жылы туулган Г.Х. аттуу үй кожейкесинин бөлмөсүнөн 1,5 грамм салмактагы героин баңгизаты табылган. Милиция кызматкерлерине ушул үйдө баңгизатын жасоо менен алектенет деген үч жарандан маалымат келип түшкөндөн кийин текшерүүнү чечишкен.

«Кармалган жарандын үстүнөн жогорудагы факты боюнча Кылмыш- жаза кодексинин «баңгикаражаттарын, эс тутумга таасир берүүчү заттрады жана перекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сактоо, берүү, алуу, сатуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Андан сырткары, кармалган жаран мурда эки жолу «башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү» беренелеринин негизинде соттолгон. Сот кармалган жаран Г.Х.ны 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”,- деп маалымдайт аталган башкармалыктан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4527



Добавить комментарий