Казакстан латын арибин 2017-жылдын аягына чейин кабыл алат

27 июля 2017 12:01 420 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан ушул жылдын соңуна чейин казак тили үчүн бирдиктүү латын алфавитин түзүп, кабыл алат. Бул тууралуу Казакстандын билим берүү министри Ерлан Сагадиев 26-июлда Астанада өткөн маалымат жыйында билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ал 13-апрелде бул боюнча куралган атайын комиссия казак тили үчүн ыңгайлаштырылган, латын графикасынын негизинде алфавитти түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Сагадиев 1-сентябрдан тарта өлкө боюнча 500дөй класс англис тилинде окуй баштарын билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2025-жылдан тарта бардык документациялар, көчө аталыштарына чейин латын арибинде болушу керектигин билдирген.

Казакстан 1929-жылдан 1940-жылга чейин латын алфавитин колдонгон. Андан кийин кириллицага өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content4488



Добавить комментарий