ИИМ министри Улан Исраиловдун кышкы көйнөгү кызуу талкууда

19 июля 2017 10:14 1931 Barometr
Поделиться в:
ok

 Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Коопсуздук кеңешинин жыйынында Ички иштер министри Улан Исраилов кийип отурган форманы кызуу талкуулап жатышат.

 Колдонуучулар министр маанилүү иш-чарага устав боюнча кийинген эмес деп сындашууда. Алардын пикиринде министр кышкы көйнөктү кийип алган.

“Эмне үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Ички иштер министри устав боюнча кийинген эмес?”,-деп суроо берди адвокат Улан Джумаков.

 ИИМдин басма сөз кызматы Исраилов устав боюнча кийингенин айтып, жооп узатты.

 Колдонуучулар бул постко ар кандай тамашаларды жазып жатышат. Бирөөлөр “министр үшүнгөн го” дешсе, дагы бирөөлөрү “кийимин алмаштырганды унутуп калган” дешүүдө. Айтор министрдин көйнөгү кызуу талкууга түшүп жаткан маалы.

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4138



Добавить комментарий