Казакстанда атышуудан алты киши жаракат алды

19 июля 2017 09:24 540 Barometr
Поделиться в:
ok

18-июлга караган түнү Мангистау облусунун Каракыян районунун Курык айлындагы атышуудан кеминде алты киши жаракат алды.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Полициянын кабарлашынча, үчөөнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. 20-23 жаштардагы дагы үч жигит ооруканага жеткирилип, операция жасалды. Дарыгерлер алардын биринин абалы “оор” экенин билдирүүдө.

Атышууда бир нече киши өлгөнү айтылууда. Бирок бул маалыматты Мангистау облусунун ички иштер департаменти тастыктап же четке каккан жок.

Учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4128



Добавить комментарий