Бишкектеги таштанды челектен союлган иттердин териси, башы табылды

18 июля 2017 11:06 696 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштандылардын бирине ичеги-карыны, териси жана башы эле калган иттердин денелери табылды. Бул тууралуу Фейсбук баракчасынын колдонуучусу Азамат Койчиев маалымдады.

Ал  бир нече сүрөттү да жүктөгөн. “Ушул туурабы, же дагы бир кафелердин биринде жыргап "баранинанын" оордуна "собачина" жеп жатабы жарандарыбыз...

Жаш Гвардия жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишинде, таштанды таштап коеюн деп токтосом БОМЖ жарандарыбыз шашлык кылып жейбиз деп сүйүнүп турушкан экен... Анан момундай көрүнүшкө туш болдум...”, - деп жазды соцтүйүн колдонуучусу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4091



Добавить комментарий