Кызсайкал Кабылованы ала качып кетишти
Поделиться в:
Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, Мажиттин карындашы ырчы Кызсайкал Бөрүбаева турмушка чыкты. Бул тууралу super.kg маалымдайт.
"Жаш болгондугума байланыштуу ата-энем каршы болуп жүргөн. Бирок жолдошум Эрнист менен 1 жылдан ашык кыз-жигит мамилесинде жүргөнбүз. Эрте турмушка чыгууну кичинекей чагымдан эле тилек кылгандыктан экөөбүз сүйлөшүп, мени ала качып келди. Учурда баары жакшы", - дейт ырчы.
6 жашынан тартып сахнага чыккан Кызсайкал "Достор", "Балалык", "Апакем" жана башка чыгармаларды аткарып ырчылыкка аралашкан. "Жолдошум 21 жашта, жеке ишкер. 5 убак намаз окуган адам болгондуктан мен чыгармачылыкты токтотом", - деп кошумчалады ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content4030
Добавить комментарий ×