Сокулук районунунда 1 тоннадан ашык баңгизат алынды

17 июля 2017 09:08 512 Barometr
Поделиться в:
ok
ИИМдин Баңгизатарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Сокулук районунда кара куурайды мыйзамсыз өстүрүп жүргөн жаран кармалды. Булл тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сз кызматы кабарлады.
Милиция кызматкерлери тарабынан Чүй областынын Сокулук районунда Жыламыш айылынын 53 жаштагы О.С. аттуу жашоочусунун жер тилкесиндеги сарайын текшерүү маалында 7 340 түп кара куурай  чабыгы табылган. Баңги өсүмдүгүн жер тилкесинин кожоюну өстүрүп, сугарып, карап жүргөн. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган өсүмдүк кара куурай баңгизаты экени аныкталган. Баңгизатынын жалпы салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн.
Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүүлдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4017



Добавить комментарий