Анжелика Бекболиева: Мухтар байке белимен кучактап сүрөткө түштү

13 июля 2017 13:34 9805 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн интернетте маркум ишкер Мухтар Өмүракунов менен ырчы Анжеликанын бирге түшкөн сүрөтү талкуу жаратып, ар кандай пикирлерди жаратты. Сүрөт боюнча Анжелика төмөндөгүдөй жообун билдирген.  

"Бул сүрөттү мага алгач инстаграмдан популярдуу эле бир баракчанын ээси жиберип, Айчүрөк эже жибергенин билдирип калды. Эмне максатта таркатып жатканы деле жашыруун эмес. Андан көрө көрүнгөндү каралабай, ушул эже иштесе болмок, чын. Биринчиден, бул окуя мен күйөөгө тийе электе болгон. Ошондуктан күйөөмө, балдарыма кедергисин тийгизбесин деп суранып, чыгарттырбай койгом. Бирок баары бир интернетте жүрөт. Түшүндүрө кетсем: Айчүрөк эже менен Мухтар байке абдан жакшы дос эле. Бардык иш-чараларга бирге катышып жүрчү. Орусияга дагы концертке демөөрчү болуп биз менен барып, андан соң кечеден кийин биз менен чогуу отурган. Мага кандайдыр бир сезимдери болсо болгондур, аны биле албайм. Ал кечеде: «бийлеп келели»,-дегенинен, «бийлегенди билбейм»,-деп жооп берген элем. Андан соң ал киши менин белимен кучактап сүрөткө түштү. Аны дагы Айчүрөк эже түшкүлө деп жатып, тарткан. Эмне үчүн тартып, сактап жүргөнү мына 10 жылдан кийин билинип жатпайбы. Ошол кезде мени Мухтар Омуракунов менен телефон аркылуу сүйлөшчү деп айтыптыр, анда 17 жаштагы кыз болсом, же телефонум жок болсо, кайдан, Айчүрөк эже телефонун берип, сүйлөш дегени үчүн сүйлөшчүмүн”,-деп айтып берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3935



Добавить комментарий