Казакстанда эркек киши юбка кийип нааразылык акциясына чыкты

11 июля 2017 09:45 526 Barometr
Поделиться в:
ok

10-июлда Шымкент шаарындагы Түштүк Казакстан облустук сотунун алдында жергиликтүү тургун юбка кийип алып нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Аты-жөнүн жарыялабоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүнгөн 30 жаштагы эркек анын нааразылыгына жергиликтүү соттордун тестиндеги каталар себеп болгонун билдирди. Айтымында, алардын биринде аны аял деп көрсөтүп коюшса, башкасында жашаган жерин туура эмес жазышкан.

Нааразылыгын билдирип чыккан жергиликтүү тургунду кабыл алган облустук соттун судьясы Мухтар Каримов ал адамдын катына буга чейин эле жооп бергендиктерин айтты. «Эгер токтом анын ар-намысына тийип, ыза кылган болсо, анда даттангыла», - деди судья.

Кийин юбка кийип нааразылык акциясына чыккан адам бул маселе боюнча арыз менен облустук жана Жогорку соттун төрагаларына кайрылганын билдирди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3793



Добавить комментарий