Ырчы Мирбек Иманбеков жубайына ыраазычылыгын билдирди

7 июля 2017 12:25 1955
Поделиться в:
ok

Бир мезгилде популярдуулуктун туу чокусуна чыгып, кыздардын жүрөк оорусуна айланган Мирбек Иманбеков учурда чыгармачылык тыныгуу алып, өзүн көбүрөөк үй-бүлөөсүнө арноодо. 

Жакында эле жубайы Бурул менен бирге жашаганына он жыл толгонун жарыялап, кыйын күндөрүндө сүйүктүүсү ар дайым жанында болуп, бир уул, бир кызды жарыкка алып келип бергени үчүн жубайына ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу NazarNews.kg булагы кабарлады. 

"Азыркы тапта талаа иштери менен алек болуп жатсам да, чыгармачылыгымды унутта калтырган жокмун. Изденип, жаңы ырлардын үстүнөн эмгектенип жатам. Бул жылдын эсебинен менде жакшы жаңылыктар болот", - деген Мирбекке биз ийгилик каалайбыз!

Ссылка: https://barometr.kg/content3655



Добавить комментарий