Өкмөт башчы “Кара-Балта-Бишкек” унаа жолунун курулушу менен таанышат

5 июля 2017 10:44 483 Barometr
Поделиться в:
ok

 Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Чүй облусуна барат. Бул тууралуу өкмөт башчынын аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында премьер-министр “Кара-Балта-Бишкек” унаа жолунун курулуш иштери жана Панфилов районундагы “Кайыңды Кант” заводуна алып баруучу жолдун абалы менен таанышат.

Ошондой эле, өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар-автожолу» көзөмөл-өткөрүүчү пунктун текшерет.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы Сосновка жана Панфилов районундагы Букара айылында жайгашкан Текеев атындагы орто мектептин курулуш иштеринен кабар алат.

Сооронбай Жээнбеков Кара-Балтадагы айнек ишканасынын жана Чүй облусундагы бир катар мекемелердин иши менен таанышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3512



Добавить комментарий