Орусияда капиталдын өлкөдөн чыгуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти

3 июля 2017 15:51 513 Barometr
Поделиться в:
ok

Февралдын аягынан бери чет өлкөлүк инвесторлор орусиялык акциялардан 1 миллиард 600 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кетишкен. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити Emerging Portfolio Fund Research уюмунун маалыматтарына шилтеме кылып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул акыркы үч жарым жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Ошол эле маалда башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн активдерине салынган инвестициялар көбөйүп жатат. Алсак, 26-июндан 2-июлга чейин эле аларга тартылган каражаттын суммасы эки миллиард долларга жетсе, төрт айдын ичинде ал дээрлик 28 миллиард долларды түзгөн.

"Коммерсанттын" билдирүүсүнө ылайык, өлкөдөн инвесторлордун кетип жатышы - Орусия менен АКШ мамилесинин күтүлгөндөй жакшырбагандыгына, мунайга болгон баанын төмөндөшүнө жана «Роснефть» менен АФК "Система" ишканаларынын ортосундагы жаңжалдарга байланыштуу.

Инвесторлордун орусиялык фонддордогу активдерин сатуусу мындан ары дагы уланышы мүмкүндүгү айтылууда. Июлда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусиянын өткөн жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө жана анын Украина менен Сириядагы аракеттерине байланыштуу Москвага карата жаңы санкцияларды киргизүү маселесин карап башташы мүмкүн. Буга чейин Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырууну Сенат жактырган болчу.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3414



Добавить комментарий